1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

129

 ЭЮКтун окутуучулары жана студенттери  ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде

           Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин 040101 Социалдык иш адистигинин окутуучулары жана студенттери  2024- жылдын 22-майда  академиялык мобилдүүлүктүн алкагында  ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде уюштурулган  "Кесиптик жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу" аталыштагы мастер класска катышып келишти. Мастер класстын максаты эки окуу жай менен тажрыйба алмашуу гана болбостон, келечектин жигердүү социалдык кызматкерлерди коомдо инклюзивдик практиканы ишке ашыруу көндүмдөрүн калыптандырышты.Андан соң Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары  Э.Т Мамаев, Социалдык иш циклинин окутуучусу К.К.Темирова ж.б. окутуучулар студенттерге окуу жайдын окуу системасы, стуруктурасы, иш тажрыйбасы жана жетишкендиктери, алардын келечектеги профессионалдык ишмердүүлүгү менен тааныштырып, реалдуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасын көрө алышты. Экскурсиянын жүрүшү андан ары АБР тарабынан каржыланган китепкана,  лабороторияларда уланып, мугалимдер жана студенттердин катышуусунда “Заманбап студенттер эркин адамдар, жаштар – өлкөнүн азыркысы жана келечеги” деген эркин темада талкуу жүргүзүлдү.