ЭЮКта профориентациялык иш-чарасы жүрүүдө
22-23-май күндөрү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинин окутуучулары профориентациялык иш чара жүргүзүштү.
Профориентациялык иш чараны экономика ПЦКсынын окутуучулары А.Ж.Айдарбекова, Э.Э.Кадырова, А.К.Калмурзаева, А.К.Курманбекова, Акылбек кызы В, Бекиева Г, Маматов А, Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары Сатымкулова Н, Аззам уулу Гайназар, Имодиллаев Ф жана Разаков М, тарабынан уюштурулду.Окутуучулар Сузак, Ноокен райондорундагы жана Кочкор -Ата шаарындагы жалпы билим берүү мекемелерине жана гимназия- мектептерине барышты. Бул иш чараны жүргүзүүдө окутуучулар окуучуларга келечекте өз кесибин туура тандоого багыт беришип, колледждин адистиктери менен тааныштырышты. Окутуучулар Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, экономика-юридикалык колледжи боюнча жалпы маалымат беришип, буклеттерди таркатышып жана ар бир адистиктердин жетишкен жактарын айтышты.