1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

98

1

МОБИЛДҮҮЛҮК БОЮНЧА КАРЫМ – КАТНАШТАР БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

           15-майдан 17-майга чейин  академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында   Б.Осмонов атындагы      Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын окутуучулары  Э.Э. Кадырова, А.К. Калмурзаева  Жалал-Абад шаарындагы  Заманбап Эл аралык университетинин колледжинин экономика  кафедрасына  таанышуу жана тажрыйба алмашуу иретинде конок лекция өтүп келишти.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында      Э.Э. Кадырова, А.К. Калмурзаева Заманбап Эл аралык университети  колледжинин  экономика адистигинин студенттерине  “Каржылык сабаттуулук”, “ Материалдык жана материалдык эмес активдер”,  “Ишкананын өз продукциясын рынокко алып чыгуудагы рекламанын орду”  темаларында  сабактарды  өтүшүп, окутуучулар менен тажрыйба алмашты.Сабактарды интерактивдүү усулду колдонуптаркатма материалдарды, интерактивдүү оюндардыстуденттерди  топко бөлүп талкулоо иретинде өтүштүабактын жыйынтыгында өтүлгөн тема боюнча тесттик тапшырмаларды студенттерге беришти.