БЕЙИШ ЭНЕЛЕРДИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин УТк-4-23 тайпасынын куратору Осмонова Н.К Энелер күнүнө арналган ачык тарбиялык саат өттү. Тарбиялык ачык сабакка УТк-4-23 тайпасынын студенттери, ата-энелер комитети, окутуучулар жана башка тайпалардын студенттери катышты. Тарбиялык сабактын максаты - музыка жана поэзия аркылуу кубанычтуу майрамдык маанайды түзүү, энеге болгон сүйүү жана урмат-сыйга тарбиялоо, аны даңазалоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды калыптандыруу, энелерге жылуулук, мээрим тартулоо. Иш чарада студенттер кыргыз, орус тилдеринде видео куттуктоолор, слайддар, кызыктуу оюндар, обондуу ырлар, табышмактар, ырлар, көркөм окууларды айтышты. Эң таасирдүү учур студенттер апаларына видео чалуу аркылуу энелер күнү менен куттукташты. Келген коноктор студенттердин өзгөчө даярдыгына таасирленип куратору Назгуль Осмоновага ыраазычылыгын билдиришти.