1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

187

АРДАКТУУ КЕСИП БУХГАЛТЕР

          Экономика-юридикалык колледжинин  экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин  окутуучулары Айдарбекова Анарбү, Курманбекова Айпери ,  Акылбек кызы Венера  студенттерге Жалал-Абад шаарынын № 75 Кесиптик лицейнин директору Сыргабаева Гулмира Базарбаевна жана башкы эсепчи Рабидинова Мира Рабидиновна менен жолугушуу уюштурду.  Жолугушууда «Ардактуу кесип бухгалтер» деген темада студенттер менен талкуулашты.  Коноктор азыркы күндө бухгалтер кесибинин артыкчылыгы жана мекемелердеги бухгалтерлердин милдеттери жөнүндө  студенттерге  айтып беришти.  Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун    конокторго  беришип,  жоопторду ала алышты.  Жолугушуунун жыйынтыгында № 75 Кесиптик лицейдин директору Сыргабаева Гулмира Базарбаевна жана башкы эсепчи Рабидинова Мира Рабидиновнага окутуучулар жана студенттер ыраазычылык билдиришти.