1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

15

МАНАС ЭПОСУ - УЛУТ БИРИМДИГИНИН ЖАНА ЫНТЫМАГЫНЫН СИМВОЛУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 «“Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана “Манас” - улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө» токтомунун негизинде 2023-2027-жылдарга бекитилген иш-чаралар планынын алкагында Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын тарых окутуучулары А.Э. Жороева жана Азимжан кызы Ж. УТк-5-26 тайпасынын студенттери менен биргеликте таанып-билүү жана маданий-агартуу багытындагы иш-чараларды өткөрүштү.Иш-чаранын алкагында студенттер Манас шаарынын мэриясынын алдындагы Тарых музейине барышып, кыргыз элинин бай тарыхый-маданий мурастары, улуттук баалуулуктары жана тарыхый экспонаттары менен жакындан таанышышты. Музейдеги экспонаттар аркылуу студенттер ата-бабаларыбыздын басып өткөн тарыхый жолу, жашоо-турмушу, каада-салты жана маданияты тууралуу кеңири маалымат алышты.Ошондой эле студенттер Жалал-Абад облустук китепканасында уюштурулган тегерек столго катышышты. Тегерек столдун жүрүшүндө «Манас» эпосунун кыргыз элинин тарыхындагы жана руханий дүйнөсүндөгү орду, анын улуттук биримдикти, ынтымакты жана мекенчилдик сезимди калыптандыруудагы мааниси талкууланды.Катышуучулар «Манас» эпосунун муундан муунга өтүп келе жаткан баа жеткис руханий мурас экендигин, анда кыргыз элинин тарыхы, дүйнө таанымы, каада-салты, эркиндикке болгон умтулуусу жана элдин биримдиги чагылдырылгандыгын белгилешти.Иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттары менен да тыгыз байланышта. Атап айтканда, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын 4-максаты - «Сапаттуу билим берүү» жаш муундардын тарыхый билимин кеңейтүүгө жана маданий мурастарды таанып-билүүсүнө багытталса, 11-максаты - «Туруктуу шаарлар жана коомчулуктар» маданий жана тарыхый мурастарды сактоонун маанисин камтыйт. Ал эми 16-максат - «Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» коомдо тынчтыкты, ынтымакты, өз ара урматтоону жана биримдикти бекемдөө идеялары менен үндөшөт.«Манас» - кыргыз элинин сыймыгы, улуттук биримдиктин символу жана келечек муундарга калтырган баа жеткис руханий мурасы!