1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

13

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ТҮПТӨЛҮШҮ: ТАРЫХЫЙ ТАМЫРЫ, ӨНҮГҮҮ ЭТАПТАРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

Илим айынын алкагында жана Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын негизинде Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучусу А.Э. Жороева УТк-3-26 тайпасынын студенттери үчүн «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү: тарыхый тамыры, өнүгүү этаптары жана келечеги» аттуу илимий тегерек стол уюштурду.Тегерек столдун ардактуу коногу катары тарых илимдеринин кандидаты, доцент Авазов Эрнис Абдыманапович катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө Авазов Эрнис Абдыманапович кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый башаттары, байыркы кыргыздардын мамлекеттик түзүлүшү, Енисей кыргыздарынын тарыхы, Улуу Кыргыз дөөлөтү жана XX кылымдагы улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышы тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү, 1926-жылы Кыргыз АССРинин уюшулушу, 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү жана 1991-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын жарыяланышы сыяктуу маанилүү тарыхый окуяларга өзгөчө токтолду.Иш-чаранын мазмуну Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын 4-максаты — «Сапаттуу билим берүү» жана 16-максаты — «Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» менен үндөшөт. Анткени жаш муундарга тарыхый билим берүү, улуттук мамлекеттүүлүктүн өнүгүү жолун таанытуу жана тарыхый аң-сезимди калыптандыруу коомдун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.Тегерек столдун жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолорун узатып, тарыхый окуялар боюнча өз ойлорун жана пикирлерин билдиришти. Конок тарабынан берилген илимий маалыматтар жана тарыхый мисалдар студенттердин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына болгон кызыгуусун арттырып, алардын тарыхый аң-сезимин кеңейтүүгө өбөлгө түздү.