1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

14

Илим айынын алкагында ачык сабак өткөрүлдү

Ноябрь – илим айынын алкагында Экономика жана укук колледжинде Экономика жана укук институтунун э.и.к., доценти Б.А. Аширалиеванын катышуусунда окутуучу А.М. Салибаева менен биргеликте БЭк 2-24 тайпасынын студенттерине «Финансылык отчеттуулуктун элементтери» деген темада сабак өткөрүлдү.Сабактын жүрүшүндө финансылык отчеттуулуктун негизги элементтери, алардын экономикалык мазмуну жана ишкананын финансылык абалын баалоодогу мааниси илимий-практикалык негизде түшүндүрүлдү.Иш-чара студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга багытталды. Бул сабак ноябрь айынын илимий иш-чараларынын алкагында өткөрүлгөн маанилүү иш-чаралардын бири болду.