1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

11 часов назад

6

«Укук таануу» адистигинде өндүрүштүк практиканы уюштуруу боюнча жолугушуу өткөрүлдү

ТӨМ 4 – Сапаттуу билим берүү; ТӨМ 8 – Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш; ТӨМ 16 – Тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар.

«Б. Осмонов атындагы ЖАМУ» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук колледжинде «Укук таануу» адистигинин студенттеринин практикасын уюштуруу, практика жетекчилеринин ишмердүүлүгүн координациялоо жана практиканын сапатын жогорулатуу максатында ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Н. С. Жолдошалиева менен жолугушуу уюштурулду.

Жолугушууга колледждин директору, э.и.к., доценттин м.а. А. М. Жороева, колледждин өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси А. К. Калмурзаева, практика жетекчилери жана ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Н. С. Жолдошалиева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин өндүрүштүк практикасын уюштуруу, практика жетекчилеринин милдеттери, практика базалары менен кызматташтык, студенттердин практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, практика учурунда мониторинг жүргүзүү жана отчеттук документтерди даярдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле практиканын натыйжалуулугун жогорулатуу, студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү, практика учурунда кездешкен көйгөйлөрдү чечүү жана бүтүрүүчүлөрдүн карьералык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуу ТӨМдүн 4, 8 жана 16-максаттарына ылайык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, болочок юристтердин практикалык даярдыгын өркүндөтүүгө жана колледж менен кесиптик чөйрөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталды.