1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

11 часов назад

10

«Билимден кесипке: иш берүүчүлөр менен биргеликте юристтерди даярдоонун сапатын жогорулатуу» темасында тегерек стол өткөрүлдү

ТӨМ 4 – Сапаттуу билим берүү; ТӨМ 8 – Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш; ТӨМ 16 – Тынчтык, адилеттүүлүк жана күчтүү институттар.

Экономика жана укук колледжинин «Укук таануу» адистигинде студенттердин өндүрүштүк практикадагы даярдыгын баалоо, практикалык компетенцияларын өркүндөтүү жана иш берүүчүлөрдүн сунуштарын окуу процессине интеграциялоо максатында «Билимден кесипке: иш берүүчүлөр менен биргеликте юристтерди даярдоонун сапатын жогорулатуу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Н. С. Жолдошалиева, Экономика жана укук колледжинин директору, э.и.к., доценттин м.а. А. М. Жороева, колледждин өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси А. К. Калмурзаева, иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү жана «Укук таануу» адистигинин окутуучулары катышты.

Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү Маматов Б. А., Сапарбаев З. С., Ниязова А. К., Дилдебаева Д., Эмилбекова К. Э. жана Абдылдаева М. С. студенттердин өндүрүштүк практикадагы билим деңгээли, практикалык көндүмдөрү, кездешкен кыйынчылыктары жана кемчиликтери тууралуу пикирлерин билдирип, болочок юристтерди даярдоону жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти.

Талкуунун жүрүшүндө укуктук документтер менен иштөө, мыйзамдарды практикалык колдонуу, кесиптик этика, жоопкерчилик жана жарандар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен практиканын мазмунун жакшыртуу жана окуу процессине практикага багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча пикир алмашуу болду.