СЕНИН КЕСИБИҢ, СЕНИН ТАНДООҢ, СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ!
Б.Осмонов атындагы ЭЮКтун ЖББ ПЦКсынын окутуучулары Жалал-Абад шаарындагы, Сузак районундагы жана Шамалды -Сай шаарындагы билим берүү мекемелерине барып 9-класс жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү. Окутуучулар Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун жана экономика-юридикалык колледжинин жетишкендиктери, студенттер үчүн түзүлгөн шарттары, материалдык базалары , башка окуу жайлардан айырмачылыктарын жана глобалдык атаандаштыкка туруштук бере алган кесипкөй адистерди даярдай турганын баса белгилешип, бүтүрүүчүлөрдү кесипти жана окуу жайды туура тандоого багыт беришти. Бүтүрүүчүлөргө таркатма материалдарды берип, экономика-юридикалык колледжине билим алууга чакырды.