1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

129

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

2024-жылы 3-майда  ЭЮКтун  окутуучусу Ныязбек уулу Исабек Кыргызстан тарыхы предмети боюнча 2-курстун  БЭк-3-22 тайпасынын студенттерине Ош шаарындагы Сулайман Тоо музейинде жумуш ордунда окутуу өткөрдү.

Студенттер Сулайман Тоонун тарыхы, географиялык абалы, чокулардын аталышы, үңкүрлөр, ыйык жайлары, уламыштар жана Сулайман Тоо жөнүндө кызыктуу факторлор жөнүндө кеңири маалыматтарды алышып кайтышты.

"Миң уккандан-бир көргөн артык" - демекчи студенттер тарыхый жерлерди көрүп, анын тарых таржымалы жөнүндө жеринде маалыматка ээ болушту. Жөн гана угуп койсо эсинде калуу ыктымаалдыгы азыраак. Ал эми өз көзү менен көргөн учурда толук эсинде сакталат. Биздин жаштар тарыхый жерлерибиздин таржымалын угуп, кийинки муунга айта жүрсө, анын ыйыктыгын билип, аярлап мамиле кылса деген ойдо бүгүнкү жеринде окутуу ишин уюштурдум - дейт окутуучу Ниязбек уулу Исабек.