1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

9 часов назад

7

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК – КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨНӨКТӨШТҮКТҮ БЕКЕМДӨӨНҮН ЖАНА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮ КӨПҮРӨСҮ

2026-жылдын 19–23-ноябрь күндөрү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинин окутуучулары Б. Ж. Жусупбекова, Д. К. Сатарова жана А. А. Аскаров академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономика жана укук сабактар бирикмесинде болушту.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында окутуучулар тарабынан студенттер үчүн конок лекциялар өткөрүлүп, укуктук билим берүү багытындагы актуалдуу темалар талкууланды. Лекциялар студенттердин теориялык билимдерин кеңейтүүгө, укуктук маселелерди талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, кесиптик компетенцияларын бекемдөөгө жана практикалык багыттагы билимдерди өздөштүрүүгө багытталды.

Иш сапар билим берүү мекемелеринин ортосундагы академиялык байланыштарды бекемдөөгө, окутуунун заманбап методдорун алмашууга, педагогикалык тажрыйбаны жайылтууга жана кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.

Иш-чаранын соңунда конок лекцияларды өткөргөн окутуучуларга билим берүү жана академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

Академиялык мобилдүүлүк – билим берүү мекемелеринин өз ара кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү, окутуучулардын кесиптик потенциалын кеңейтүү жана студенттерге сапаттуу билим берүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү маанилүү механизм.