1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

16

«Идеядан ийгиликке: студенттик стартаптар жана креативдүү ишкердик» аттуу иш-чарага Экономика жана укук колледжинин студенттери жана окутуучулары катышты

2026-жылдын 23-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде «Илим айынын» алкагында «Идеядан ийгиликке: студенттик стартаптар жана креативдүү ишкердик» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Экономика жана укук колледжинин студенттери жана окутуучулары активдүү катышышты. Катышуучулар бизнес-идеяларды ишке ашыруу, стартаптарды түзүү, инновациялык демилгелерди өнүктүрүү жана ишкердик чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Экономика жана укук колледжинин Бизнес-стартап багытын жетектеген окутуучусу Кочкорова Наргиза Абасбековнага Бизнес-инкубатордун ишмердүүлүгүн колдоого, инновациялык идеялардын калыптанышына жана андан ары өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн университеттин атынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Бул сыйлык окутуучунун студенттер арасында ишкердик ой жүгүртүүнү калыптандыруу, жаңы идеяларды колдоо жана жаштардын стартаптык демилгелерин өнүктүрүү багытындагы үзүрлүү эмгегине берилген баа болуп саналат.

Иш-чара студенттердин ишкердик жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана келечектеги ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууга дем берди.