1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

8

Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсында Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун алкагында «Финансы жана кредит» адистигинин 3-курс студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференциянын негизги максаты — студенттердин өндүрүштүк практика учурунда алган теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу деңгээлин баалоо, кесиптик компетенцияларынын калыптанышын аныктоо жана келечектеги адистердин эмгек рыногуна даярдыгын жогорулатуу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштеринин жыйынтыктары, кесиптик көндүмдөрү, иш берүүчүлөр менен иштөө тажрыйбалары жана практикалык тапшырмаларды аткаруудагы жетишкендиктери боюнча презентацияларын сунушташты. Ошондой эле практика учурунда кездешкен кыйынчылыктар, аларды чечүү жолдору жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө байланыштуу ой-пикирлер талкууланды.

Конференциянын өзгөчө бөлүгү катары өндүрүштүк практика учурунда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен, жоопкерчилиги, демилгелүүлүгү, кесиптик даярдыгы жана ишке болгон чыгармачыл мамилеси менен айырмаланган студенттер аныкталып, аларга «Мыкты практикант» номинациясы ыйгарылды.

Бул иш-чара студенттердин кесиптик жетишкендиктерин баалоо менен гана чектелбестен, алардын өзүнө болгон ишенимин арттырууга, кесиптик мотивациясын күчөтүүгө жана теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Аталган иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттарынын ичинен 4-максат — «Сапаттуу билим берүү» жана 8-максат — «Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш» багыттарына шайкеш келет.

Экономика ПЦКсы мындан ары да билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытындагы иштерди улантат.