1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

15 часов назад

8

Өндүрүштүк практика – кесиптик тажрыйбанын жана келечекке болгон ишенимдин булагы.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук колледжинде Каржы (тармактары боюнча)», «Салык жана салык салуу»,«Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Социалдык иш» жана «Укук таануу» адистиктеринин 3-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйынтыктоочу конференциялар уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган кесиптик тажрыйбалары, аткарган иштери, иш берүүчүлөр менен болгон кызматташтыгы жана кесиптик чөйрөдө кездешкен өзгөчөлүктөр тууралуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонуу, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө даярдануу багытында топтогон тажрыйбаларын талкуулашты.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, практика учурунда айрым студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусу артып, келечектеги адистигине болгон ишеними бекемделген. Студенттердин бири өз таасири менен бөлүшүп: «Өндүрүштүк практика учурунда кесибимдин маңызын тереңирээк түшүндүм. Теориялык билимдеримди иш жүзүндө колдонуп, бул тармакта иштөө мага кызыктуу экенине ынандым. Өз кесибимди туура тандаган экенмин деген ойго келдим», – деген пикирлерин билдиришти.

Конференциянын жыйынтыгында өндүрүштүк практика жана карьера жетекчи А.К. Калмурзаеванын демилгеси менен практика учурунда өзүнүн жоопкерчилиги, кесиптик даярдыгы жана ишке болгон кызыгуусу менен айырмаланган студенттер аныкталып, «Мыкты практикант» номинациясы боюнча сыйланышты.