1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

15 часов назад

10

«Жаштардын демилгелери – коомдук өзгөрүүлөрдүн башаты» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү

Жаштар жумалыгынын алкагында 2026-жылдын 20-ноябрында Экономика жана укук колледжинде Социалдык иш ПЦКсы тарабынан «Жаштардын демилгелери – коомдук өзгөрүүлөрдүн башаты» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага колледждин директору А.М. Жороева, ЖАМУнун жаштар иштери боюнча адиси Усенов Адилет Алимжанович, Социалдык иш адистигинин студенттери жана окутуучулары катышты.

Тегерек столдо жаштардын коомдогу орду, жарандык активдүүлүгү, демилгелүүлүгү жана коомдук көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролу талкууланды. Конок Усенов Адилет Алимжанович Жаштар комитетинин ишмердүүлүгү, жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана коомдук демилгелерди ишке ашыруу жолдору тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер суроолорун берип, өз ойлору жана сунуштары менен бөлүшүштү. Иш-чаранын соңунда конокко мазмундуу маеги жана студенттер менен пикир алмашканы үчүн ыраазычылык билдирилди.