1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

15

ЭУКтун студенттери СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чарада мыкты деп табылды

2026-жылдын 19-ноябрында №74 тескеменин негизинде институттар жана колледждер арасында 1-декабрь-Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Өзүңдү коргоо - келечегиңди сакта!» аттуу мазмундуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты -жаштар арасында ВИЧ/СПИД тууралуу туура маалыматтарды жайылтуу, оорунун алдын алуу жолдорун түшүндүрүү, жоопкерчиликтүү жүрүм-турумга үндөө жана сергек жашоо маданиятын калыптандыруу болду. Аталган иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучусу М.Ж. Асанованын жетекчилиги астында

ФК-3-26 тайпасынын студенттери тарабынан атайын даярдалган видеоролик катышты. Студенттер видеоролик аркылуу өзгөчө маанилүү коомдук маселеге көңүл буруп, теңтуштарын ден соолугун сактоого, өз өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана келечегин коргоого чакырышты. Иш-чаранын жыйынтыгында ЭУКтун студенттери тарабынан даярдалган видеоролик эң мыкты деп табылып, жогорку баага татыды. Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.