1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

15

ИЛИМГЕ ЖОЛ СУРООДОН БАШТАЛАТ: «СТУДЕНТТЕРДИН СУРООСУНА СЫНБАЙБЫЗБЫ?» АТТУУ ИЛИМИЙ ТОК-ШОУ ӨТКӨРҮЛДҮ

«Илим айлыгынын» алкагында Экономика жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсы тарабынан «Студенттердин суроосуна сынбайбызбы?» аттуу өзгөчө форматтагы илимий ток-шоу уюштурулду. Иш чараны ЭУКтун илимий иштер боюнча жооптуу Н. А. Айылчиева жана А. Жороева уюштурду.

Иш-чарага биринчи курстун студенттери катышып, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Эмилбек Нажимидинович менен кызыктуу маек курушту.

Ток-шоунун негизги максаты — жаштардын илимге болгон кызыгуусун ойготуу, алардын эркин ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү, суроо берүүдөн тартынбоого үйрөтүү жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн калыптандыруу болду.

Жолугушуу салттуу лекциядан айырмаланып, ачык диалог, жандуу пикир алмашуу жана эркин суроо-жооп форматында өттү. Эмилбек Нажимидинович студенттердин суроолоруна жооп берип, илимдин коомдогу орду, билимдин адам жашоосундагы мааниси, жаштардын илимий изденүүсү жана кесиптик келечек тууралуу өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Студенттер да өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча суроолорун тартынбастан узатып, ой-пикирлерин ортого салышты.

Мындай жолугушуулар студенттер менен илимпоздордун ортосунда интеллектуалдык көпүрө түзүп, жаш муундун илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө, өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө жана келечектеги кесиптик багытын аныктоого өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын соңунда студенттер пайдалуу маалыматтарга ээ болуу менен бирге, илимий ийгиликке жетүү үчүн тынымсыз окуу, изденүү, талдоо жана эң башкысы — суроо берүүдөн коркпоо зарылдыгын билишти.