1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 день назад

13

«Уңгу жол – улуттук баалуулуктардын жана тарыхый мурастын булагы» аттуу конок сабак өткөрүлдү

         2026-жылдын 20-ноябрында Экономика жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсы УТК-3-26, УТк-8-26 тайпасынын студенттери учун окутуучулар А.Э.Жороева, Азимжан к.Ж «Уңгу жол – улуттук баалуулуктардын жана тарыхый мурастын булагы» аттуу конок сабак уюштурду.

        Аталган иш-чаранын негизги максаты – студенттерге кыргыз элинин тарыхый мурастары, улуттук баалуулуктары, каада-салты, үрп-адаты жана руханий дүйнөсү тууралуу терең түшүнүк берүү, жаш муундардын улуттук аң-сезимин, мекенчилдик сезимин жана тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу.

       Конок сабакка Тарых кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты Халматов Кудрет чакырылып, студенттер менен мазмундуу жолугушуу өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө «Уңгу жол» түшүнүгүнүн маани-маңызы, анын улуттук иденттүүлүктү калыптандыруудагы орду, кыргыз элинин кылымдар бою калыптанып келген тарыхый тажрыйбасы жана руханий мурастары тууралуу кеңири маалымат берилди.

      Конок сабактын жүрүшүндө студенттер темага байланыштуу өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, конок менен эркин пикир алмашышты. Талкуунун негизинде улуттук баалуулуктарды сактоо ар бир жарандын милдети экендиги, тарыхын билген, өткөнүн урматтаган жаш муун гана келечекке ишенимдүү кадам таштай ала тургандыгы белгиленди.

    Мындай мазмундуу жолугушуулар билим берүү менен тарбияны айкалыштырып, жаш муундардын улуттук аң-сезимин калыптандырууда жана тарыхый мурастарды сактоодо өзгөчө мааниге ээ.

«Өз тарыхын билген элдин – келечеги кең, өзүнүн уңгусун тааныган муундун – руху бийик!»