1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

164

      “АКЧА ЭСЕПТИ СҮЙӨТ" КВИЗ-ОЮНУ 

      2024-жылдын 22- апрелинде экономика-юридикалык колледжинде  “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун 30 жылдык мааракесине карата финансылык сабаттуулук боюнча “Акча эсепти сүйөт” квиз – оюнун э.и.к.Молдокулова Башарат Жолдошовна уюштурду

Таймашты колледждин директору Карбекова Азиза Баймаматовна, экономика   ПЦКсынын  жетекчиси  Ахмедова Зулфия Махамаджанова жана окутуучу Айдарбекова  Анарбу Жоконовнанын жетекчилиги астында алып барылды.Таймашка  ССк-2-21 , БЭк-2-21, БЭк-01-22 Фк-2-21 тайпаларынын студенттери жана курама команда катышты. Командадагы студенттер таймаш учурунда   финансы тармагында  жогорку деңгээлдеги билимин жана эрудициясын көрсөтүштү.

 1-орунга - БЭк-2-21тайпасы, команданын капитаны  Орозбеков Самат,

 2-орунга- Фк-2-21тайпасы,  команданын капитаны РустамжановФайзулло,

 3-орунга- БЭк-01-22 тайпасы, команданын капитаны  Нарынбек уулу Элмирбек

Оюндун жыйынтыгында бардык жеңүүчүлөргө, катышуучуларга акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.Квиз-оюндун бардык жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын куттуктайбыз.