1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

60

«Мыкты практикант» сынагынын жыйынтыгы

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсында окуу-өндүрүштүк практиканын алкагында СРк-2-24 жана СРк-01-25 тайпаларынын студенттери арасында «Мыкты практикант» сынагы уюштурулду.

Сынактын катышуучуларына баалоо критерийлери алдын ала сунушталып, студенттердин практикалык ишмердүүлүгү бир нече көрсөткүч боюнча бааланды. Аларга илимий изилдөө иштерин жүргүзгөндүгү, практикадан өткөн мекемеден ыраазычылык кат алып келгендиги, отчеттук документтерди белгиленген мөөнөттө жана талапка ылайык тапшыргандыгы, тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаруусу, демилгелүүлүгү жана активдүүлүгү кирди.

Сынактын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер аныкталып, аларга жетишкендиктери жана жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

Мындай сынактар студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, илимий изилдөөгө кызыгуусун арттырууга жана практикалык ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерин баалоого өбөлгө түзөт.