1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

10

Социалдык иш пцксында окуу-өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсында СРк-2-24 (9) жана СРк-01-25 (11) тайпаларынын студенттеринин окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияда студенттер практика учурунда аткарган иштеринин отчетторун тапшырып, даярдаган материалдары менен тааныштырышты. Ошондой эле практика мезгилинде алган кесиптик тажрыйбалары, өздөштүргөн практикалык көндүмдөрү жана жетишкендиктери тууралуу айтып беришти.

Студенттер социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү, калктын ар кандай категориялары менен иштөө өзгөчөлүктөрү, социалдык кызмат көрсөтүүдө кездешкен көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.

Жыйынтыктоочу конференцияда студенттердин практика учурундагы ишмердүүлүгү каралып, аткарылган иштерге баа берилди. Практика студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү тажрыйба топтоого маанилүү шарт түздү.