1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

10

Экономика жана укук колледжи: бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу

Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен кесиптик багыт жана карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча жолугушуу уюштурулду.

Иш-чара Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары Анарбай кызы Айтбу жана Айдана Уланбековнанын демилгеси менен ишке ашты.

Жолугушууга төмөнкү бүтүрүүчүлөр катышты:

  • СРк-01-23 тайпасынан – Кадырова Ырыскан, Турдалиева Жаннета;
  • СРк-2-22 тайпасынан – Табалдиева Фатима;
  • СРк-2-20 тайпасынан – Сакиева Динара;
  • СРк-2-23 тайпасынан – Манасбекова Лира, Атакулов Темирбек.

Иш-чаранын максаты – бүтүрүүчүлөр менен окутуучулардын ортосунда кесиптик тажрыйба алмашуу, социалдык иш адистигинин коомдогу ордун талкуулоо, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек ишмердүүлүгү жана келечектеги карьералык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алышуу.

Жолугушууда бүтүрүүчүлөр окуу мезгилиндеги эскерүүлөрү, кесиптик тажрыйбалары жана социалдык иш тармагындагы көз караштары менен бөлүшүштү.

Алар социалдык кызмат көрсөтүүдө калктын аялуу катмарлары менен иштөөнүн маанилүүлүгүн белгилешип, социалдык кызматкерлердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, психологиялык жана укуктук билимдерди айкалыштыруу, студенттердин өндүрүштүк практикасын өркүндөтүү боюнча сунуштарын билдиришти.

Ошондой эле социалдык кызматкерлердин коомдогу орду, кесиптик жоопкерчилик, жаш адистердин жумушка орношуусу жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр менен окутуучулар өз ара байланышты бекемдөө, тажрыйба алмашууну улантуу жана колледж менен бүтүрүүчүлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сунуштарын ортого салышты.

Мындай жолугушуулар билим берүү менен практиканын байланышын чыңдап, келечектеги социалдык кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.