1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

9

Окуу практикасы боюнча студенттерге методикалык жардам көрсөтүлдү

Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери А.А. Ташматова, М.О. Ажибеков жана М.Т. Жунусова Манас шаарындагы «Бакай Банк» мекемесинде окуу практикасынан өтүп жаткан студенттерге методикалык жардам көрсөтүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге практика күндөлүгүн туура жана талапка ылайык толтуруу, аткарылган иштерди өз убагында каттоо, ошондой эле практика боюнча отчет даярдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу жана отчетто туура чагылдыруу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Бул методикалык жардам студенттердин практика боюнча отчеттук документтерди сапаттуу даярдоосуна, өз алдынча иштөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана окуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталды.