1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

8

Улуттук банктын өкүлү менен жолугушуу: теориядан практикага карай кадам

Экономика жана укук колледжинде студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүү, каржы секторундагы заманбап өзгөрүүлөр менен тааныштыруу жана билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында конок лекция уюштурулду.

Иш-чаранын ардактуу коногу — Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Акимбеков Хусейин Маматканович болду. Ал Экономика предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучулук курамы жана «Каржы (тармактар боюнча)» адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенттери менен жолугушуп, конок лекция окуду.

Жолугушуунун негизги максаты — болочок каржы адистеринин кесиптик көз карашын кеңейтүү, банк-финансы системасынын ишмердүүлүгү боюнча практикалык түшүнүктөрүн калыптандыруу жана студенттерди келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо.

Конок лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өлкөнүн банк-финансы системасындагы орду жана ролу, акча-кредит саясатынын мааниси, банк секторунун туруктуулугун камсыз кылуу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана каржы тармагындагы адистердин кесиптик жоопкерчилиги сыяктуу маселелерге көңүл бурулду.

Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, мындай жолугушуулар студенттерге окуу процессинде алган теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен байланыштырып, каржы тармагындагы реалдуу талаптарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле окутуучулар үчүн да тармактагы актуалдуу маалыматтар менен таанышууга жана окуу мазмунун заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Экономика ПЦКсы кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, иш берүүчүлөр жана каржы мекемелери менен өнөктөштүктү өнүктүрүү, студенттердин теориялык билимин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.

Улуттук банктын өкүлү менен болгон мындай мазмундуу жолугушуу — болочок каржы адистеринин кесиптик даярдыгын чыңдоого жана алардын келечектеги эмгек жолуна багыт берүүгө салым кошкон маанилүү иш-чара болду.