1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

10

Билим берүү менен банк секторунун өнөктөштүгү: кесиптик компетенцияларды калыптандырууда иш берүүчүлөрдүн ролу

Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсы тарабынан каржы жана банк иши адистиктеринин студенттеринин кесиптик компетенцияларын өркүндөтүү, билим берүү менен банк секторунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана эмгек рыногунун талаптарын окуу процессине интеграциялоо максатында иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга Жалал-Абад филиалынын KICB Банкынын башкаруучусунун орун басары Абрахманов Азизбек Мамрасулович жана депозиттер боюнча адиси Кочкорова Анара Максадовна катышты. Колледждин атынан Экономика ПЦКсынын башчысы А.А. Ташматова жана «Банк иши» адистигинин атайын дисциплиналар боюнча окутуучусу М.О. Ажибеков катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө каржы жана банк иши багытындагы адистерди даярдоодо иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын (стейкхолдерлердин) ролу, алардын окуу процессиндеги талаптары жана кесиптик компетенцияларды калыптандырууга кошкон салымы талкууланды.

Банк кызматкерлери заманбап банк секторунда адистерге коюлган талаптар, кардарларды тейлөө маданияты, депозиттик операциялардын өзгөчөлүктөрү, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, санариптик банк технологиялары жана кесиптик жоопкерчилик тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле студенттердин теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу, өндүрүштүк жана окуу практикаларын иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык уюштуруу маселелерине көңүл бурулду.

Тараптар колледж менен банк мекемесинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, студенттер үчүн практикалык сабактарды жана жумуш ордунда окутууларды уюштуруу, кесиптик багыт берүү жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна өбөлгө түзүү боюнча пикир алмашышты.

Мындай жолугушуулар билим берүү мекемеси менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты бекемдеп, окуу программаларын эмгек рыногунун реалдуу талаптарына шайкеш келтирүүгө, студенттердин кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.