1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

20

Банктык тобокелдиктер жана каржылык алдамчылыктын алдын алуу боюнча жумуш ордунда окутуу уюштурулду

Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери А.А. Ташматова, М.О. Ажибеков жана М.Т. Жунусова Манас шаарындагы «Бакай Банк» мекемесинде окуу практикасынан өтүп жаткан студенттердин практикалык ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, алардын практикадан өтүү процессине мониторинг жүргүзүштү.Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн «Банктык тобокелдиктер жана каржылык алдамчылыктын алдын алуу» темасында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.Окутуунун жүрүшүндө банк ишмердүүлүгүндө кездешүүчү тобокелдиктер, алардын түрлөрү, каржылык алдамчылыктын кеңири тараган ыкмалары, банктык операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу жана кардарлардын финансылык маалыматтарын коргоо маселелери каралды. Ошондой эле шектүү финансылык операцияларды аныктоо, алдамчылык аракеттердин алдын алуу жана банк кызматкерлеринин жоопкерчилиги боюнча практикалык маалыматтар берилди.Мындай жумуш ордунда окутуу студенттердин теориялык билимдерин реалдуу иш тажрыйбасы менен айкалыштырууга, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана банк тармагындагы заманбап талаптарга ылайык адистик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.Экономика ПЦКсы билим берүү менен банк секторунун кызматташтыгын бекемдөө, студенттердин практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо багытындагы иштерди улантат.