1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

22

Илим менен тажрыйбанын айкалышы: «Кыргыз Республикасында киреше жана пайдадан алынуучу салыктын өзгөчөлүктөрү» темасында биргелешкен сабак өткөрүлдү

Ноябрь — Илим айынын алкагында Экономика жана укук колледжинин Экономика предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Салибаева Г.П. экономика илимдеринин доктору, профессор Карабекова Аида Камилжановна менен биргеликте «Салык салуу» адистигинин ССк-2-24 тайпасынын студенттери үчүн «Кыргыз Республикасында киреше жана пайдадан алынуучу салыктын өзгөчөлүктөрү» темасында биргелешкен сабак өткөрдү.Сабактын негизги максаты — студенттердин салык салуу жаатындагы теориялык билимдерин тереңдетүү, Кыргыз Республикасында киреше жана пайда салыгын эсептөөнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү, салык мыйзамдарынын практикалык колдонулушу боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү жана келечектеги адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү болду.Сабактын жүрүшүндө профессор Карабекова Аида Камилжановна киреше жана пайдадан алынуучу салыктардын экономикалык маңызына, алардын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдөгү ролуна, салык салуунун негизги принциптерине жана Кыргыз Республикасындагы салык системасынын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду. Ошондой эле салык мыйзамдарын практикалык ишмердүүлүктө туура колдонуу, салык төлөөчүлөрдүн милдеттери жана салыктык эсептөөлөрдүн маанилүү аспектилери боюнча илимий-практикалык маалыматтар менен бөлүштү.Биргелешкен сабак студенттер үчүн теориялык билимдерди илимий көз караш менен толуктоого, салык тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого жана өздөрүн кызыктырган суроолорго адистин кеңири түшүндүрмөлөрүн алууга мүмкүнчүлүк түздү.Мындай форматтагы сабактар билим берүү процессине илимдин жетишкендиктерин интеграциялоого, студенттердин илимий ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана окуу жай менен илимий коомчулуктун кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.Илим менен билимдин, теория менен практиканын айкалышы — сапаттуу кесиптик билим берүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоонун маанилүү шарты!