1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

53

«Элдик Банкта» болочок банк адистери үчүн жумуш ордунда окутуу уюштурулду

Экономика жана укук колледжинин «Банк иши» адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн Манас шаарындагы «Элдик Банк» мекемесинде «Банктагы эмгекти коргоо, ички тартип жана маалыматтык коопсуздук талаптары» деген темада жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Окутуунун негизги максаты — студенттерди банк мекемесиндеги эмгекти коргоо эрежелери, кызматкерлердин ички эмгек тартиби, иш ордундагы коопсуздук талаптары жана банктык маалыматтарды коргоонун негизги принциптери менен тааныштыруу. Ошондой эле келечектеги адистердин кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу жана теориялык билимдерин практикалык чөйрөдө бекемдөө көздөлдү. Окутуунун жүрүшүндө студенттер банк мекемесинде иштөөдө сакталуучу коопсуздук эрежелери, кызматтык милдеттерди аткаруудагы тартип, кардарлардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыз кылуу, банктык маалыматтарды уруксатсыз пайдаланууга жол бербөө жана маалыматтык коопсуздукту сактоо боюнча маанилүү маалыматтарды алышты.Өзгөчө көңүл банк кызматкеринин кесиптик этикасына, кардарлар менен иштөөдөгү жоопкерчилигине, кызматтык маалыматтарды коргоого жана банк мекемесиндеги ички тартипти так сактоого бурулду. Мындан тышкары, Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери А.А. Ташматова, М.О. Ажибеков жана М.Т. Жунусова студенттерге өндүрүштүк практиканын жүрүшүндө аткарылган иштерди туура чагылдыруу, практика күндөлүгүн толтуруу жана отчет даярдоо боюнча методикалык жардам көрсөтүштү. Жумуш ордунда окутуу студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, банк тармагындагы иш процесстерин тереңирээк түшүнүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоосуна өбөлгө түздү. Мындай практикалык окутуулар билим берүү менен иш берүүчүлөрдүн кызматташтыгын бекемдеп, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү банк адистерин даярдоодо маанилүү роль ойнойт.