1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

54

Салык адистерин даярдоодо жумуш ордунда окутуу

Ош
Ош

Экономика жана укук колледжинин Салык салуу адистиги боюнча билим алып жаткан студенттеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу максатында Манас шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын «Карыздарды өндүрүү” бөлүмүндө жумуш ордунда окутуу уюштурулду.Окутууга Экономика ПЦКсынын окутуучулары З.М. Ахмедова, Г.П. Салибаева , жана Манас шаары боюнча МСКсынын Салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнн улук инспектору Адылбек у Байэл катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге салык органдарынын ишмердүүлүгү, карыздарды аныктоо, эскертүү берүү жана өндүрүү боюнча, ошондой эле салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, салык мыйзамдарынын негизги талаптары жана салык кызматынын адистеринин кызматтык милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, практиканттардын суроолоруна жооптор берилип, практикалык тапшырмаларды аткаруу жана кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча методикалык жардам көрсөтүлдү. Мындай жумуш ордунда окутуулар студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө, практикалык тажрыйбасын арттырууга жана келечектеги кесибине болгон жоопкерчилигин калыптандырууга өбөлгө түзөт. Колледж менен иш берүүчүлөрдүн кызматташтыгы эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү салык адистерин даярдоонун маанилүү багыты болуп саналат.