1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

14

«Жетекчи менен бир саат» – ачык пикир алышуу жана студенттер менен түз байланыш

«Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси Экономика жана укук колледжинин директору э.и.к.,доценттин м.а. Жороева А.М. менен ЭУКтун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты: жетекчи менен студенттердин ортосундагы байланышты чыңдоо, алардын ой-пикирлерин угуу жана көйгөйлөрүн жеринде талкуулоо «Жетекчи менен бир саат» аталышындагы жолугушуунун жүрүшүндө колледждин жетекчиси студенттер менен ачык баарлашып, окуу процессинин сапаты, билим алуудагы жоопкерчилик, ички тартипти сактоо, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана жаштардын демилгелерин колдоо маселелери боюнча пикир алышты.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти. Жетекчи айтылган маселелерге көңүл буруп, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди жана студенттердин кайрылуулары эске алынарын белгиледи.

Мындай жолугушуулар студенттер менен жетекчиликтин ортосундагы ишенимдүү байланышты бекемдөөгө, көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө жана колледждеги билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга өбөлгө түзөт.