1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

176

АКЫЛ ОРДО ТАЙМАШЫ

Экономика-юридикалык колледжинин  ЖББ ПЦКсынын  окутуучусу Ныязбек уулу Исабек              "Акыл ордо " интеллектуалдык таймашын уюштурду. Таймашты колледждин директору, э.и.д., профессору А.Б.Карбекова ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Интеллектуалдык  оюн                 1-курстун студенттеринин   арасында болуп өттү. Акыл ордо таймашынын максаты:

 - студенттер алган билимдерин бышыктоо;

-билимдин баалуулугун сезүү;

-тапкычтыктарын өркүндөтүү менен билимге болгон кызыгуусун арттыруу;

-ой жʏгүртʏʏ менен маданиятыбыздын жана  улуттук баалуулуктарды эстеп, сактап калууга үйрөнүү;

-таанып билүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу;

- бири-биринин оюн уга билүүгө, сыйлоого тарбиялануу.

 Таймашка жалпы 9 тайпа катышып, логикалык ой жүгүртүүлөрүн, тапкычтыктарын көрсөтө алышты. Оюндун жыйынтыгында:

1- орунду ФК-4-23 тайпасы

2-орунду СРк-2-23 тайпасы

3- орунду ФК-3-23 тайпасынын студенттери ээледи. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты.