1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

25

ЭУКта окутуучулар үчүн конок лекция уюштурулду

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде «Илим айынын» алкагында окутуучулар жана жаш изилдөөчүлөр үчүн конок лекция өткөрүлдү. Лекцияны Ош мамлекеттик университетинин  Илимдер жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент   Г. Ж. Анарбаева «Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы» деген темада өттү.        Иш-чаранын жүрүшүндө лектор илимий изилдөөнүн теориялык негиздерине токтолуп, практикалык тапшырмалар аркылуу катышуучулардын билимдерин тереңдетти. Лекция соңунда активдүү катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Мындай жолугушуулар окутуучулардын илимий потенциалын жогорулатууга жана жаш изилдөөчүлөрдүн илимий ишмердүүлүгүнө дем берүүгө өбөлгө түзөт.