1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

16

Экономика жана укук колледжинин практика жетекчилерине маалымат берүү жыйыны өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин Өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси А.К. Калмурзаеванын демилгеси менен колледж практика жетекчилерине ЖАМУнун Өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.С. Жолдошалиева тарабынан маалыматтык жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана өткөрүү боюнча кеңири маалымат берилип, практиканын бекитилген түрлөрү, максаты жана негизги милдеттери түшүндүрүлдү.

Ошондой эле студенттердин өндүрүштүк практикадан өтүү тартиби, практика базалары менен иш алып баруу, иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү, практиканын сапатын көзөмөлдөө жана студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу, алардын жумушка орношуусуна көмөктөшүү, эмгек рыногунун талаптарын эске алуу, иш берүүчүлөр менен байланыштарды бекемдөө жана бүтүрүүчүлөрдүн карьералык өсүшүнө шарт түзүү боюнча маалыматтар берилди.

Жыйындын негизги максаты — өндүрүштүк практиканы натыйжалуу уюштуруу, практика жетекчилеринин ишин координациялоо, иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна көмөктөшүү боюнча иштерди жакшыртуу болуп саналат.