- Колледждер
- Медициналык колледжи
- Гуманитардык жана табигый математикалык дициплиналар ПЦКсы
- Жаңылыктар
ГЕРБАРИЗАЦИЯ АРКЫЛУУ ӨСҮМДҮКТӨРДҮ ТААНУУ ЖАНА КЛАССИФИКАЦИЯЛООНУН ПРАКТИКАЛЫК МААНИСИ

Ботаника предмети боюнча алгачкы кесиптик ыкмаларды үйрөнүү (гербаризация) өндүрүштүк практикасы Фарм-1-2-3-24 тайпаларында эки жума графиктин негизинде студенттер жол картаны колдонуу менен практика өткөрүлдү. Практиканын жыйынтыгы студенттер үчүн жыйынтыктоочу жана пикир алмашуучу конференция болду. Аталган иш чара 20.06.2025 болуп өттү.Студенттин ботаника боюнча теориялык курстан алган билимин, көндүмдөрүн ботаника курсу боюнча окуу талаа практикасында бекемдейт.Гербарий даярдоо боюнча жеке тапшырмаларды алуу, күндөлүк жүргүзүүнүн формалары боюнча студенттер терен билим алышты.Ар бир өсүмдүк үчүн төмөнкү маалыматтар аныктап такташты: өсүмдүктүн аталышы, семействосу, жашоо формасы. Маалыматтар күндөлүккө киргизилди. Студенттер жаратылышты жана өсүмдүктөрдүн калың катмарын коргоо боюнча практикалык иш-чаралар менен таанышышты.Практиканын жүрүшүндө төмөнкүдөй иш-аракеттер аткарылды:Өсүмдүктөрдү чогултуу – аймактагы ар түрдүү чөптөр, гүлдөр жана бутактуу өсүмдүктөр табигый шартта изилденип, алардын түрлөрү аныкталды. Ар бир өсүмдүк чогултулганда анын чөйрөсү, топурак тиби жана өскөн шарттары жөнүндө маалымат жазылып алынды.Гербарий түзүү – чогултулган өсүмдүктөр атайын кагазга кылдат жайгаштырылып, кургатуу жана сактоо эрежелерине ылайык гербарийлер даярдалды. Ар бир гербарийге өсүмдүктүн аталышы, чогултулган жери, күнү жана автору көрсөтүлгөн.Өсүмдүктөрдү классификациялоо – гербарийдеги материалдар ботаникалык классификация принциптерине ылайык анализденип, өсүмдүктөрдүн түрү, тукуму жана үй-бүлөсү аныкталды.Теория менен практика айкалышы – студенттер мугалимдин жетекчилиги менен өсүмдүктөрдүн түзүлүшүн, морфологиясын жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдешти. Бул иштер билимди тереңдетүүгө жана кесиптик көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түздү.Бул практика аркылуу ботаникалык изилдөөлөрдүн баштапкы ыкмаларын өздөштүрүштү жана өсүмдүктөрдү таануу, гербаризация жүргүзүү боюнча пайдалуу көндүмдөргө ээ болушту. Ар бир группадан студенттер кичи тайпаларга бөлүнүп гербарий жана коллекция даярдашты. Аткарган иштери боюнча группалардан Молдошева Гулбурак, Юлдашева Дилфузалар презентация жасап студенттер менен ой-пикирлерин бөлүшүштү.Конференциянын жыйынтыгында суроо жооп менен жыйынтыкталды.