ПРАКТИКАЛЫК БИЛИМ-САПАТТУУ МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТТЫН НЕГИЗИ

Медициналык колледждин медициналык айым иши адистигинин СД – 1-2 -22 тайпаларынын Квалификация алдындагы практикасын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга медициналык айым иши ПЦКсынын окутуучулары, “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин карьераны өнүктүрүү жана өндрүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н. Жолдошалиева, медициналык колледждин карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. Насиров катышышты. Конференцияда студенттер илимий иштерин презентация жасашып, практика тууралуу ой-пикирлерин айтышты. Конференция суроо-жооптор менен коштолду.