1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Акушердик иш ПЦКсы

Акушердик иш ПЦКсы

Телефон:

771 629 785

Email:

info@jagu.kg

Каттоо:

22.01.2024

Акыркы сапар:

4 месяца назад

Билим  берүү  ишмердүүлүгү

Учурда  Акушердик  иши  ПЦКсы   060102 Акушердик иш  билим берүү багытынын акушердик иш  адистигин даярдайт. КРнын Билим берүү жана Илим министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 1179/1 буйругу менен бекитилген. Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (ЖКББ МББС) негизинде Акушердик иши адистиги боюнча негизги билим берүү программасы (НББП) иштелип чыкты. Аталган негизги билим берүү программасы (НББП) максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, мазмунун, билим берүү процессин жүзөгө ашыруучу шарттары жана технологияларын, ушул багытта бүтүрүүчүнү даярдоонун сапатын баалоону жөнгө салат.   Акушердик иши адистиги боюнча негизги билим берүү программасынын (НББП) негизги максаты - тез өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө туруктуу компетенттүүлүккө негизделген билим берүүнүн кесиптик маселелерин чече алган адисти даярдоо; НББПнын негизги документи катарында Бүтүрүүчүнүн компетенттик модели  эсептелет.

Акушердик иши ПЦКсы төмөнкү дисциплиналарды окутууну камсыз кылат:

1.      Акушерство жана гинекология

2.      Үй-бүлөлүк медицина

3.      Жашоо тиричилигинин коопсуздугу жана кыйроодогу медицина

4.      Алгачкы аскердик медициналык даярдык

5.      Үй-бүлөнү пландаштыруу жана репродуктивдүү ден соолукту коргоо

6.      Педиатрия жугуштуу оорулар менен

Окуу лабораториялары, кабинеттер.

Үй-бүлөлүк медицина каанасы (312)

Акушерство жана гинекология (311)

Жашоо тиричилигинин коопсуздугу жана кыйроодогу медицина каанасы (307)

Алгачкы аскердик медициналык даярдык каанасы (307)

Педиатрия жугуштуу оорулар менен (314)

Акушерство жана гинекология тренажордук каанасы (206)

Акушерство жана гинекология (211)

Акушердик иш  ПЦКсындагы окутуучулар негизги предметтерден  беришет. Бул ПЦКга Акушерство жана гинекология, жаш балдардын инфекциялык оорулары ,үй-бүлөнү пландаштыруу, жашоо тиричилик коопсуздугу, ден соолукту коргоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу, гинекология, педиатрия  предметтери карайт.Акушердик иш  ПЦКсынын    окутуучулары атайын дисциплиналар боюнча окуу-методикалык комплекстерди, силлабустарды иштеп чыгышкан. Мындан тышкары, ар бир  окутуучу  өзү иштеп чыккан көрсөтмө куралдарды колдонуу менен сабактарды өтөт. Окутуучулар  окутуунун активдүү жана инновациялык ыкмаларын активдүү колдонушат, дисциплиналар боюнча слайд, дидактикалык  көрсөтмө куралдарды колдонуу менен иштешет.   Негизинен предметтин  курсунун саясаты биринчи кезекте студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Айрыкча, студенттердин критикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырууга көңүл бурулат.Окутуучулар жана студенттери колледждин жана университеттин илимий жана коомдук турмушуна активдүү катышууда. Ошондой эле бир нече жолу шаардык, облустук, сынактардын жеңүүчүлөрү болгон.

Окуу аудиториялары

Теориялык жана практикалык сабактарды өтүүдө  1 чоң лекциялык аудитория, практикалык сабактарды өтүүдө 4 окуу кабинеттери бар. Ошондой эле 2 тренажордук залы бар . атайын кабинеттке ультра үндөр менен изилдөөчү аппарат коюлган, клиникалык  предметтерден сабак өтүүдө  практика жүзүндо колдонушат. Окуу кабинеттери заманбап окуу материалдары менен жабдылган.2023-2024 окуу жылында колледждин китепканасы жаны окуу китептери менен толукталды.

Акушердик иш ПЦКсында бүгүнкү күндө жалпы 7 окутуучу  эмгектенет алардын ичинен  1 айкалыштыруучу

Ф.А.А. кызматы Телефон номерлери
1 Авазбек уулу Алмаз Окутуучу 0777 39 39 83
2 Калымбетова Гулбурак Исраиловна Окутуучу 0706 27 55 83
3 Капарова Алина Осмоналиевна Окутуучу 0774 27 27 79
4 Примкулова Асылкан Осмоновна Окутуучу, ПЦК жетекчиси 0771 62 97 85
5 Токтогулов Эламан Дүйшоевич Окутуучу 0779 844 866
6 Чолпонбаева Буайша Чолпонбаевна Окутуучу-айкалыштыруучу 0778 24 80 27
7 Юсупова Айзада Таалайбековна Окутуучу 0553 08 89 08

ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕР

ПЦКда азыркы учурда замандын талабына толук жооп берүүчү орто билимдүү медициналык адистерди даярдоо үчүн мамлекеттик стандарттагы илимдердин негизги багыттары окутулат.Окуу планына ылайык тиешелүү предметтердин типтүү, жумушчу программалары, силлабустар түзүлүп талдоодон өтүүдө. Лекциялык жана практикалык  сабактарды өткөрүү үчүн шарттар камсыз болгон 2 тренажордук  зал, 2 компьютердик аудитория, 4 окуу  кабинеттери, ультра үн менен изилдөо кабинети кызмат кылат. Окуу өндүрүшттүк практикалары үчүн Жалал-Абад областтык клиникасы жана Сузак тереториялдык больницалар менен келишимдер түзүлгөн. Предметтерди өздөштүрүүдө жергиликтүү материалдарды пайдаланууга көп көңүл бурулат. ПЦКнын  окутуунун модулдук системасына толук өтүшкөн. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ар бир семестрде студенттерден 2 жолу модуль алынат. ПЦКнын окутуучулары тарабынан бир нече окуу китептери жана окуу усулдук колдонмолор иштелип чыгарылган. Окутуучулар өздөрүн теориялык окуу усулдук чеберчилигин өркүндөтүү үчүн түрдүү билимин өркүндөтүүчү курстарга катышып, сертификаттарга ээ болушкан.  ПЦКда өз ара сабактарга катышуу аны талкуулоо кеңири практикаланат.

ИЛИМИЙ ИШТЕРИ

      Медициналык колледжинин  Акушердик иш ПЦКсында   бардыгы болуп 7  окутуучу эмгектенүүдө. ПЦК мүчөлөрү окуу программаларын, окуу куралдарын жана башка окуу усулдук, илимий аспектилердин иштелмелерин даярдоодо үзүрлүү эмгектенүүдө. Окутуучулар материалдык-техникалык базаны жакшыртып, модулдук-рейтингдик системаны пайдалануу менен, студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруп, илимий изилдөө иштерин жетектөө менен иш алып барууда

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

    Акушердик иш ПЦКсына 2023-2024-окуу жылында университет тарабынан материалдык-техникалык базаны чыңдоо, студенттердин жеткиликтүү билим алуусун камсыздоо максатында окуу китептери, бир нече окуу каражаттары  берилди.

ПЦКдагы ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР

ПЦКнын тарбиялык иштери боюнча түзүлгөн планы жана кураторлордун иш планы  ПЦКнын  кенешмесинде талкууланып бекитилген. ПЦКнын курамында   кураторлор  өзүнө бөлүнгөн тайпалар менен активдүү иш алып барышат. Иш планда белгиленген иш-чаралар боюнча жолугушууларды уюштуруп турушат (ветерандар, врач- гинекологдор, ж.б.). Ошондой эле студенттер менен биргеликте ишембиликтерге катышат. Мындан сырткары колледж, университеттин денгээлинде уюштурулган коомдук, маданий, спорттук иш-чараларга үзгүлтүксүз катышат.

Студенттердин илимий- изилдөө  иштери (СИИИ)

Акушердик иш ПЦКсында  “Дени сак эне - дени сак улут” кружоктору  иштейт. Бекитилген графикке ылайык студенттер өз алдынча окутуучулар менен  иштешет.

Медициналык колледждин  Акушердик иш адистигинин биз сыймыктанган бүтүрүүчүлөрү

Хамид кызы Нурзада АД-1-18 тайпасынын бүтүрүүчүсү, азыркы мезгилде Индиянын Дели шаарында жеке клиникада (Marengo Asia hospital)   эмгектенет.