1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

11

ЖАНЫҢДА КАРЫ АДАМДЫН БОЛГОНУ-СЕНИН БАКТЫЛУУ КАДАМЫҢ

Ар бир адам жашоодо өз жолун издеп, алдыга карай кадам таштайт. Биз ийгиликке жетишүүнү, чоң бийиктиктерди багындырууну кыялданабыз. Бирок ошол сапарыбызда бизге туура багыт көрсөтүп,ар бир кадамыбызга батасын, берип турган улуу муундун — ата-энелерибиздин, чоң ата, чоң эненелерибиздин орду өзгөчө. Жанында акылман, турмуштун ысык-суугун көрүп, тажрыйба топтогон кары адамдын болушу — бул жөн гана кокустук эмес,бул сенин жашоодогу эн чоң бактын жана ар бир ишенимдүү кадамындын пайдубалы.

Карылар— жашоонун жандуу китеби, акыл-насааттын жана улуттук баалуулуктардын өнүп-өскөн булагы. Жаш кезде биз кээде шашылыш чечимдерди кабыл алып, жанылыштыктарга бой алдырышыбыз мүмкүн. Ал эми жаныбызда кары адам болсо,анын бир ооз жылуу сөзү,акылман кенеши бизди чоң каталардан сактап калат. Алардын басып өткөн жолу, жашоодогу кыйынчылыктарды кантип жеңгени тууралуу айткан ангемелери бизге дем-күч берип, келечекке болгон ишенимибизди арттырат. Карысы бар үйдүн куту бар,берекеси бар деп бекеринен айтылган эмес.Жанында кары адамдын бар экенин сезип, алардын кадырына жетүү - бактылуулуктун өзү.Алардын таң эрте берген ак батасы менен башталган күн ардайым ийгиликтүү жана берекелүү болот. Карылардын ыраазычылыгын алуу,аларга кам көрүү жана сый көрсөтүү аркылуу биз өзүбүздүн да келечегибизге,бактылуу кадамыбызга жол ачабыз. Анткени ата-эненин, карылардын батасы бул адамды турмуштун ар кандай бороон-чапкындарынан коргогон эң ишенимдүү калкан.