1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

Дарылоо иши адистигинин студенттеринин окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы

2026-жылдын 26-июнунда Дарылоо иши адистигинин ЛД-1-25 жана ЛД-2-25 тайпаларынын «Медайымдык иштеги алгачкы кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу» окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда аткарган иштерин презентация аркылуу сунуштап, теориялык билимдерин практикада канчалык деңгээлде өздөштүргөндүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.

Жыйынтыктоочу конференция студенттердин кесиптик деңгээлинин өсүп жаткандыгын айкын көрсөттү. Даярдалган презентациялар мазмундуулугу жана сапаты боюнча жогорку баага татыктуу болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуу-өндүрүштүк практика өз максатына толук жеткендиги белгиленди.

Практика жетекчиси: А. Ш. Насипова.