1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

71

БОШ ЖУМУШ ОРУНДУКТАР ЖАРМАНКЕСИ

Медициналык колледждин “Медициналык айым” адистигин бүтүрүүчү тайпасы үчүн “Бош жумуш орундуктар жарманкеси” уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү келечектеги жумуш берүүчүлөр менен тааныштыруу, кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү жана жаш адистердин эмгек рыногуна ийгиликтүү аралашуусуна көмөк көрсөтүү болду.

Жарманкеге ар түрдүү медициналык мекемелердин өкүлдөрү катышып, бош кызмат орундары, эмгек шарттары жана кызматкерлерге коюлган талаптар тууралуу кеңири маалымат беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, түз байланыш түзүүгө жана келечектеги жумуш ордун тандоого мүмкүнчүлүк алышты.

Бул иш-чара бүтүрүүчүлөр үчүн чоң тажрыйба болуп, алардын кесиптик багытын аныктоого, өзүнө болгон ишенимин арттырууга жана эмгек жолун баштоого жакшы өбөлгө түздү. Медайымдык кесип — бул адам өмүрүнө кам көрүү, жоопкерчилик жана мээримдүүлүк менен байланышкан ардактуу кесип экендиги дагы бир жолу баса белгиленди.

Жарманкенин жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр келечекке болгон ишеним менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө кадам ташташты.