1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

90

ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ – БИЛИМДЕН БАШТАЛАТ

      Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин 060101 Дарылоо иши, 060102 Акушердик иш, 060109  Медициналык айым иши адистиктерин бүтүруп жаткан студенттер менен  Ийгиликтин башаты – билимден башталат деген аталышта иш берүүчүлөр менен тегерек стол болуп өттү.

Жолугушууга түштүк аймактык жүрөк кан тамыр илимий хирургия борборунун башкы медайымы Г.А. Алимаматова, Сузак аймактык ооруканасынын  башкы медайымы Рахманова Назгүл Азимжановна   областтык төрөт үйүнүн улуу акушери Аманбаева Кундуз Хамудуллаевна, Касымбаева Айнагүл Алимжановна – Жалал – Абад областтык төрөт үйүнүн төрөттөн кийинки бөлүмүнүн башчысы  Туланова Гүлзат Рысбаевна - Жалал – Абад областык балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы, Жалал – Абад областык балдар ооруканасынын башкы медайымы Жаркынбаева  Гулаим Төрөбаевналар  катышышты.

Иш чараны медициналык колледждин директору А.М. Курстанбаев  ачып берип, келген конокторго негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүлүшү боюнча маалымат берип өттү. Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр илимий хирургия борборунун башкы медайымы Алимаматова Гульсара Авазовна   жыл аралыгында өндүрүштүк практикага барган студенттердин билим деңгээли жакшы көрсөткүчтө болуп жаткандыгын белгилеп, өткөн окуу жылындагы жолугушууда сунуш кылган предметти окуу планына кошкондун натыйжасы бар экендигин айтып  өттү.   Иш берүүчүлөр    мындай  жолугушуулар дайыма оң натыйжа берээрин айтып өтүштү. Иш чаранын соңунда иш берүүчүлөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.