1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

106

  АР БИР ТИЛ- ӨЗ ЭЛИНЕ УЛУУ

Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чындайт.

Ушундай максатта 20-февраль күнү   «Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне тил күнүнө» карата медициналык колледждин гуманитардык жана табигый-математикалык дисципилиналар ПЦКсынын тилчи окутуучуларынын жана  биринчи курстардын студенттеринин катышуусунда маданий иш-чара уюштурулду. А.С.Пушкиндин, Ш.Дүйшоевдин ырларынан  көркөм окуп, үзүндүлөрдү көрсөтүштү.Ар түрдүү улуттардын бийлеринен чимириле бийлешти. Иш-чара өз максатына жетти,студенттердин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуулары артты.