1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

189

ИЛИМИЙ МАКАЛА ЖАЗУУНУН НЕГИЗГИ ТАЛАПТАРЫ ЖАНА УСУЛДАРЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ

 Медициналык коллеждин окутуучуларына Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илим бөлүмүнүн башчысы э.и.к., доценттин милдетин аткаруучу  А.М.Жороева  «Илим метрикадагы жаны талаптар боюнча илимий макала жазуунун тартиби» деген темада -илимий макала жазуунун эрежелери боюнча баяндама жасады. Баяндамасында окуу жайда эмгектенген ар бир окутуучу илимий иштин үстүндө иштөө менен илимий макала жазуу милдети катары каралышын баса белгиледи. Илимий макаланын структурасы жана мазмуну, изилдөөнүн суроолору, методологиясы, изилдөө чектеринин жана алкактарынын белгилениши тууралуу маалымат берип, изилдөөнүн илимге кошчу салымына басым жасоо менен, макаланын оригиналдуулугуна журнал редакторлорун ынандыруу жолдору тууралуу мисалдардын негизинде айтып берди.  Ошондой эле эл аралык илимий журналдар менен байланышуу «ORCID, GOOGLE SCHOLAR, ELIBRARY» маалымат базасына  катталуу жана ага кирген журналдардын талаптарына ылайык макаланы жазуу өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду.