1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

14 часов назад

18

ИДЕЯДАН – ИЙГИЛИККЕ: СТУДЕНТТИК СТАРТАПТАР ЖАНА КРЕАТИВДҮҮ ИШКЕРДИК

2026-жылдын 23-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2026–2027-окуу жылындагы «Илим айынын» алкагында «Идеядан – ийгиликке: студенттик стартаптар жана креативдүү ишкердик» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара Окумуштуулар кеңешинин 2026-жылдын 26-октябрындагы № 7-протоколу менен бекитилген «Илим айынын» алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралардын планынын негизинде уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын чыгармачылык потенциалын ачуу, жаратмандык жана инновациялык демилгелерин колдоо, жаңы бизнес-идеяларды иштеп чыгуу жана аларды ийгиликтүү стартап-долбоорлорго айландыруу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жасалма интеллекттин студенттик стартаптарды өнүктүрүүдөгү ролуна, анын ишкердик чөйрөсүндөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап технологияларды натыйжалуу пайдалануу жолдоруна өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чара студенттердин инновациялык ой жүгүртүүсүн калыптандырууга, ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, жаңы идеяларды жаратууга жана аларды практикалык жактан ишке ашырууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.