1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

95

БОЛОЧОК МЕДИКТЕР СПИДГЕ КАРШЫ

1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Медициналык колледжде “АИФ/СПИД инфекциясынын алдын-алуу эпидемиологиялык көзөмөл жана коомдук саламаттыкты сактоонунун актуалдуу маселелери” аталышында өткөрүлгөн иш чарада дубал газеталар сынагында СД-1-26 тайпасы баш байгени — 1-орунду багындырды!Биздин башкы максатыбыз — коомчулукка жана жаштарга ВИЧ/СПИД илдети тууралуу туура, так маалымат жеткирүү жана анын алдын алуу жолдорун көрсөтүү болду. Плакатыбызда белгиленгендей:

Билүү — коргойт!

СПИДден коргонуу — ар бирибиздин колубузда!

СПИДге каршы күрөш — бул жашоого болгон камкордук!

Тайпабыздын ынтымагы, чыгармачылыгы жана жоопкерчиликтүү мамилеси өз жемишин берди. Баарыбыз сергек жашоо образын тандап, өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден соолугуна кам көрөлү!