АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледждин МЧББ адистигинин адис окутуучулары ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту менен биргеликте академиялык мобилдүүлүк уюштурушту. Эки тараптын окутуучулары тажрыйбалары менен бөлүшүп, практикалык көргөзмөлүү сабактарды жана мастер-класстарды өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАКтын директору п.и.к.,доц.Б.М. Турдубаева Жалал-Абад колледжинин иш-аракеттери менен тааныштырып, студенттерге эң сонун мотивация берди. Мастер- класс өткөн окутуучуларга ыраазычылык кат тапшырылды.
Жыйынтыгында, эки окуу жайдын студенттери менен окутуучулары үзгуүтүксуз байланышта болуп, тажрыйба алмашып турушаарын белгилешти. Кезектеги академиялык мобилдүүлүктө Жалал-Абад колледжинин студенттери менен окутуучулары ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда болоорун макулдашышты.