АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНУН СТУДЕНТТЕРИ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨ
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын адис окутуучулары А.К.Кыргызбаева, М.А.Шерматова, А.А.Бабаева студенттер менен биргеликте Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжине академиялык мобилдүүлүккө барышты. Академиялык мобилдүүлүктө студенттерге практикалык сабактар өткөрүлүп, мастер класстар уюштурулду.
ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин доценти Умурбекова Токтайым Акаевна эки колледждин студенттерин бириктирип «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап тендециялары» деген темада лекция окуду.
Жыйынтыгында, эки окуу жайдын студенттери менен окутуучулары үзгултүксуз байлагышта болуп, тажрыйба алмашып турушаарын белгилешти. Кезектеги мобилдүүлүктө индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери менен окутуучулары Жалал-Абад колледжинде болоорун макулдашышты.