Мектепке чейинки билим берүү адистиктерин мамлекеттик практикага жөнөтүү, жайгаштыруу
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин Мектепке чейинки билим берүү адистигинин МЧББб-2-21 жана МЧББк-01-22 тайпаларынын студенттерине мамлекеттик практикага жөнөтүү үчүн конференция уюштурулду. Конференцияда МЧББ ПЦКсынын практика жетекчиси Шерматова М.А. мамлекеттик практиканын максаты жана милдеттери менен тааныштырды. Ошондой эле студенттин жол картасы боюнча түшүндүрүлмө берилди. Практика өтүүдө тартипти, коопсуздук техникасын, ошондой эле балдар бакчасындагы иш күнүнүн режиминин туура жана так сактоолору зарыл экендиги кошумчаланды.
Студенттер конференцияда практика жетекчилерге жана адис окутуучуларга кызыккан суроолорун берип пайдалуу кеңештерди алуу менен биргеликте практика учурундагы аткарылуучу педагогикалык-психологиялык анализдерди, сабак өткөрүүдөгү жагымдуу атмосфераларды түзүүдөгү тарбиячынын ордун, балдар менен болгон карым-катнаш процесстерин жүргүзүүнү, ата-энелер менен иштөөнүн, оюндарды уюштурууну, тарбиячынын иш аракеттерди аткаруудагы жолдорун кеңири талкуулашып, кызыктуу ой пикир алышты. Студенттер практика өтөө мезгилинен пайдаланып, өздөрүнүн алгылыктуу иштеринин натыйжасында, келечектеги жумуш орду менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги баса белгилеп айтылды.