1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

144

ЖАЛАЛ-АБАД КОЛЛЕДЖИНДЕ  ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсында   Эне тилдин эл аралык  күнүнө карата Дүйнө элдеринин кол өнөрчүлүк маданияты деген темада көргөзмө өткөрүлдү.

Эне тилдин эл аралык күнү 1999-жылы ЮНЕСКОнун 30-сесиясында белгиленген.2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында бир топ өлкөлөрдө белгиленип келет.

Көргөзмөнү КМТШИ-3-22, КМТШИ-2-22 тайпалардын кураторлору М.Жолдошова жана  С.Кадырова жетектешти. Анда, кыргыз тилди, наркты  даңктаган ырлар айтылды.Улуттук кийим, курал-жарак жана турмуш тиричиликте колдонулуучу шаймандар презентацияланды.

Ар бир улут өз эне тили, каада-салты менен башкалардан айырмаланат. Андыктан биздин жаш муун ата-бабалардан бизге мураска калып, сакталып келе жаткан каада-салтыбызды, нарк-насилибизди эне тилибизди билип жүрүүсү абзел - дешет көргөзмөнүн уюштуруучулары.